Майлуу-Сууда бала-бакчалар жабылып, мектептер онлайн билим берүүгө өттү

Майлуу-Сууда бала-бакчалар жабылып, мектептер онлайн билим берүүгө өттү.

Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, мунун себеби шаардагы өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу.

Маалыматка караганда, аралыктан окутуу абал калыбына келгенге чейин күчүндө болот.

Эске салсак, 12-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калган.

Учурда токтоп калган үч отказандын бири калыбына келтирилгени кабарланды.

Таза суу азырынча унаалар менен ташылып, таратылып жатат.