Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү алмашты

Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү алмашты. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нурлан Айтмурзаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

 

Мамлекет башчы кол койгон башка жарлыктын негизинде Динара Кемелова Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.