ЖК Кендирбаеваны билим берүү министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеваны дайындоого макулдук берди. Анын талапкерлигин каттоодон өткөн 75 депутаттын баары бир добуштан колдоду.

Эске салсак, Кендирбаева президент Садыр Жапаровдун 28-сентябрдагы жарлыгы менен министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.