Раззаков шаарында 26 миллион сомго муниципалдык мал базар курулду

Раззаков шаарында 26 миллион сомго муниципалдык мал базар курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, объект бардык архитектуралык жана санитардык талаптарга жооп берет. Курулушка республикалык бюджеттен 15 миллион сом,  6,5 миллион Лейлек районун өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен  3,5 миллион сом бөлүнгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.