Эртең, 14-мартта Жалал-Абад шаарынын эки кичирайонунда суу болбойт.
Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин шаардын Спутник, Көк-Арт кичирайондоруна таза суу өчүрүлөт.
Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.