Ош облусунун Кеңеш айылында жаңы бала бакча пайда болот

Ош облусунун Кеңеш айылында жаңы бала бакча пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 60 орунга чакталат.

 

Аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы бул максатта 46 миллион 400 миң сом багыттайт.