Ретро FM радиосу менен ИИМ уюштуруп жаткан акция уланууда

Ретро FM радиосу менен Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы биргеликте Бишкекте уюштуруп жаткан акция уланууда. Анын алкагында жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

 

“Күзгү патруль” акциясы 29-сентябрга чейин созулат. Ага ордо калаанын бардык каалоочулары катыша алат. Ал үчүн 104.5 жыштыгы аркылуу Ретро FM радиосун угуп, сыр сөздү жаттап, шаарда Ретро FM унаасын издөө кажет.

 

Машинени тапкандар 15 литр бензинди белекке алат. Жеңүүчүлөрдү мындан башка дагы көптөгөн белектер күтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.