Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда жаңы сквер пайда болду

Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда жаңы сквер пайда болду. Мэриядан билдиришкендей, сейил бакка тротуарлар төшөлүп, отургучтар орнотулуп, жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 200гө жакын бак-дарак отургузулду. Сквердин курулушу эл аралык уюмдардын биринин каражатына жасалды.