«Күзгү патруль» акциясына катышып, бензин утуп алыңыз

Ретро FM радиосу уюштуруп жаткан “Күзгү патруль” акциясынын бүгүнкү биринчи жеңүүчүсү Бишкек шаарынын тургуну Эркин Ирискулбеков болду. Ал жолдо жүрүү эрежелери боюнча суроолорго туура жооп берип 15 литр бензин утуп алды. Мындан тышкары, бир нече угарманга кызыктуруучу белектер тапшырылды.

 

Ретро FM радиосунун “Күзгү патруль” акциясы 29-сентябрга чейин уланат. Ага ордо калаанын бардык каалоочулары катыша алат. Ал үчүн 104.5 жыштыгы аркылуу Ретро FM радиосун угуп, сыр сөздү жаттап, шаарда Ретро FM унаасын издөө кажет.

 

Машинени тапкандар суроолорго туура жооп берсе, 15 литр бензин белекке алат. Жеңүүчүлөрдү мындан башка дагы көптөгөн белектер күтөт.

 

Белгилеп кетсек, акцияга Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы көмөктөшүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.