Россияда аял жарым күн бою унаасында белгисиз эркекти ташып жүрө берген

Россияда аял жарым күн бою унаасында белгисиз эркекти ташып жүрө берген.

 

Челябинск тургуну эмерек тазалоо фирмасында иштейт. Ал кезектеги кардарынын үйүнө буйрутма менен баратып, өтүп кеткендиктен, унаасын артка айдаган.

 

Ошол учурда гана салондун артында белгисиз кишинин отурганын көргөн. Жүргүнчү мас абалында болгондуктан, эмне себептен отурганын айтып бере алган жок. Аял аны таксиге отургузуп, үйүнө кетирди. Бирок дагы эле эркек качан жана кантип анын унаасына отуруп алганын түшүнбөй келет.