Кыргызстан менен Казакстан биргелешип күн электр станцияларын курат. Бул максатта “Күн булагы” ишканасы ачылды. Биринчи долбоор катары Ысык-Көлдө 35 миллион долларга станция курулат, — деп билдиришти Улуттук энергохолдингден.
Маалыматка ылайык, станциянын курулушуна Тору-Айгыр айылында 80 гектар жер бөлүнөт. Курулуштун биринчи этабы 2023-жылы аяктап, күн электр станциясы 25 жыл кызмат кылат деп пландалууда. Ал жылына 90 миллион киловатт-саат энергия берүү кубаттуулугуна ээ болот.