Садыр Жапаров Италия жана Ватиканга расмий сапар менен барат

Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италия жана Ватиканга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

“3-октябрда президент Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Италиянын министрлер кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, Италиянын депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италиянын сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган», — деди ал.

 

Маалыматка ылайык, Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италия мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.

 

«2024-жылдын 4-октябрында президент Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот”, — деп белгиледи Азымбакиев.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.