Кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайызы макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайызы макулдашылды. Бул тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Баткенде жолукканда билдиришти.

 

Алар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады.

 

Маалыматка ылайык, чек аранын жалпы узундугу боюнча такталбаган аз бөлүгү калды. Бул маселе жакын арада чечилет деп күтүлүүдө.

 

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара кийинки жылдын жазына чейин такталып каларын айткан.