Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 8-10-августта Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

 

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.

 

«Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун саммиттин алкагында өткөрүлө турган “Борбордук Азия+Япония” бизнес-форумуна катышуусу пландаштырылууда”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.