ЕАЭБ алкагында газ боюнча биргелешкен рынок түзүү маселеси көтөрүлдү

ЕАЭБдин алкагында газ боюнча биргелешкен рынок түзүү маселеси каралууда.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун Чыңгыз Макешов билдирди.

“Беш өлкөнүн ичинде газды колдонуу, транспорт тарифин бирдиктүү болсун деп жатабыз.

Кыргызстан газды 150 долларга сатып алат, ошол эле учурда дүйнөлүк рыноктогу баасы 800 долларды түзөт.

Бул маселени эксперттер дагы бир жолу карап чыгып, энергетика министрлери бири-бири менен сүйлөшүп, бир баага келтирүү боюнча тапшырма берилди”, — деди Макешов.

Ал белгилегендей, газдын баасы өзгөрүшү мүмкүн.

“Дүйнөлүк рынокто баалар көтөрүлүп-түшүүдө.

ЕАЭБдин алкагында эки мамлекет газ чыгарса, үчөө колдонот.

Ошондуктан бир бааны түзүүнүн үстүнөн иштеп жатышат”, — деди ал.

Эске салсак, 2023-жылдын 2-3-февралында Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш жана 2023-жылдын 25-январында Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйындары өткөн.