Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат.

Бул тууралуу аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, кыргыз президентинин мамлекеттик визити ушул жылдын май айына пландалууда.

Учурда тараптар мамлекеттик сапарга даярдык көрүп жатат.

Аны менен катар Садыр Жапаров Кытай-Борбордук Азия саммитине дагы катышат, — деди Ду Дэвэнь.