Быйылкы Кадыр түн 17-апрелден 18-апрелге караган түнү болот.
Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Аны тоскондор таң атканча уктабастан, жакшылык тилешет.
Кошумчаласак, бүгүнтөн тарта Орозо айы башталды.
Бул айда мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин оозуна нар албайт.