Саламаттыкты сактоо министрлиги электрондук жолдомо берүү системасын сынамык иретинде ишке киргизүүдө. Ведомство маалыматына ылайык, система 15-августтан тарта иштеп баштайт.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлерине аймактардан электрондук жолдомо берилет. Ал онлайн-режимде дарыгерге жазылып, көрүнүүгө шарт түзөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.