Жалал-Абадда эки мектеп аралыктан окутууга өттү

Жалал-Абад шаарындагы эки мектепте кызамык оорусу катталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, мындан улам №2 жана №7 орто мектептер аралыктан окутууга өттү.

 

Шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын чечиминин негизинде балдарды эмдөөдөн баш тарткан, же бир жолку эмдөө алган окуучулардын санын тактап, ар бир мектеп, бала бакчада медициналык кароодон өткөрүү тапшырылды.