Салык төлөбөгөндөр рейддин жүрүшүндө аныкталат

Транспорт жана жер салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин Мамлекеттик салык кызматы рейддерди жүргүзө баштайт. Иш-чаранын алкагында салыктарды өз убагында төлөбөгөн жарандарга айып пул салынат.

 

Эске салсак, административдик жазанын өлчөмү жеке жактар ​​үчүн 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомду түзөт.

 

Транспорт, жер жана кыймылсыз мүлк салыгы 1-сентябрга чейин төлөнүшү керек.