Селден жабыркагандарга Казакстандан гуманитардык жардам келди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.
Жүк кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Ош облусуна жөнөп кетти. Эске салсак, буга чейин селден жабыркагандарга Өзбекстандан гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.