Кыргызстанда кышында былтыркыдай “жөнгө салуу иш-чаралары” киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда кышында былтыркыдай “жөнгө салуу иш-чаралары” киргизилиши мүмкүн.

 

Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген учурда бир-эки саатка электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн.

 

Бул трансформаторлорду ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл. Чиновник белгилегендей, соңку учурларда жабдууларга күч келүү өсүүдө, андыктан, жарандарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат.