Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааныган 100дөн ашык камера иштеп жатат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан коомдук жайларда 3 миңге жакын видеокамера орнотулса, 100дөн ашыгы адамды жүзүнөн тануучу ситемага туташтырылган.
Ведомство бардык аймактарда криминогендик кырдаал онлайн режиминде 24 саат бою көзөмөлгө алынып, өткөн жылы видеокамералардын жардамы менен 3 миңге жакын кылмыштын бети ачылганын кабарлады. Андан тышкары издөөдө жүргөн 800 киши аныкталган.
Дайынсыз болуп жаткан 150гө жакын адам табылган.