Суусамырдагы тамактануучу жайлар ирээтке келтирилет

Суусамырда Бишкек — Ош унаа жолунун боюндагы тамактануучу жайлар ирээтке келтирилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Жол жээгинде жайгашкан объектилер боюнча эскиздик долбоор Панфилов жана Жайыл райондорунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыктары тарабынан иштелип чыгып, жергиликтүү башкаруу органдарына макулдашууга жөнөтүлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.