Сузакта 27 млн сомго бала бакча курулууда

Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бала бакча 50 орунга ылайыкташкан. Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуштун наркы 27 млн сомду түзөт.

 

Долбоор боюнча бир кабаттуу имарат, ашкана, откана, суу сактоочу кампа, сырткы ажаткана жана оюн аянтчасы менен куруу каралган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.