Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун III туру башталды

Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун III туру башталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өнөктүк 17-январь, күндүзгү саат 2де аяктайт.

 

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 18-январь күнү жайгаштырылат.

 

Эске салсак, I жана II турда жалпысынан 362 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 288 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 270 адам окууга каалоосун ырастады.