Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру жүрүп жатат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру жүрүп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ал 11-январга чейин уланат.

 

Документ тапшыруунун жол-жобосу ведомство сайтында жеткиликтүү. Ал эми 14-январга чейин окууга кабыл алынган абитуриент тандалган окуу жайда билим ала тургандыгын тастыкташы керек. Белгилеп кетсек, биринчи турдун алкагында жогорку окуу жайларга 200дөн ашык студент кабыл алынды.