Сузактагы окуя боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши аягына чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда “Манас айтуу” сынагында окуучуларды унаа сүзүп кеткен окуянын чоо-жайын иликтөөдө алты адамды кызматтан бошотуу сунушталды. Ал эми бардыгы болуп тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкер тартылды. Бирок алар кимдер экени так көрсөтүлгөн эмес.