Бишкекте ундун тартыштыгы жок

Бишкекте ундун тартыштыгы жок.

 

Буга Монополдукка каршы жөнгө салуу мамдекеттик кызматы ишендирүүдө. Ведомство маалыматына ылайык, базаларда жана ун иштетүү ишканаларында запастар жетиштүү.

 

Кызматтын өкүлдөрү шаар ичинде мониторинг жүргүзүп, азыкка болгон баалар туруктуу экенин аныкташты. Бишкекте нан жана ундун наркына көзөмөл жүргүзүү боюнча иштер улантылат.