Төө-Ашуу менен Ала-Белде кар күрткүсүнөн коргоочу атайын тосмолор орнотулду. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Төө-Ашууга жалпы узундугу 2 миң 8 метр, ал эми Ала-Белге 3 миң 908 метр, бийиктиги 3-4 метрлик тосмолор коюлду. Бул иштер япон эл аралык кызматташтык агенттигинин гранттык долбоорунун алкагында аткарылды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.