Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрүүдө

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери бүгүнтөн баштап 26-апрелге чейин эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө дейре уланат. Бул учурда жол жарым-жартылай жабылып турат.