Түштүк Кореядагы күнөсканалардын жумушчуларын роботтор алмаштырат

Түштүк Корея күнөсканадагы жумушчуларды толугу менен алмаштыра турган технологияларды иштеп чыкты.

Система роботтордон турат.

Алардын бири түшүм жыйнаса, экинчиси жашылча же мөмө-жемиштерди унаага ташыйт.

Күнөскананын аянтына жараша анда бир нече акылдуу аппараттар иштей алат.

Тажрыйбалар көрсөткөндөй, роботтор адамдардан айырмаланып, 24 саат бою үзгүлтүксүз иштей алат жана алар айыл чарба кызматкерлерине караганда түшүмдү 90 пайызга тез жыйнашат. Технологияны жумушчу күчүнүн жетишсиздиги байкалган айылдарда колдонуу пландалууда.