Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Байышбек Астанакулов буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп иштеп жаткан. Ал эми Талас шаарынын мурдагы мэри Эрмат Жумаев президенттин Таластагы өкүлү болуп дайындалган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.