УКМК: Кыргызстандын жери Тажикстанга өткөнү жөнүндөгү сөздөр чындыкка дал келбейт

Кыргызстандын жери Тажикстанга өткөнү жөнүндөгү сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Мекеме жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ошону менен катар эле коомчулукту мамлекеттик органдар гана тараткан расмий маалыматтарга көңүл бурууга үндөйт, — деп жазылган билдирүүдө.

 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар Баткенде кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан.