Айсулуу Мамашова менен Элдар Абакиров ЖКга депутат болуп келишти

Элдар Абакиров менен Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңешке депутат болуп келишти.

 

Белгилей кетсек, бүгүн Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан ажыратылды. Анын ордуна «Альянс» партиясынын тизмеси менен экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров келсе, Айсулуу Мамашова Фарходбек Алимжановдун ордуна келген. Эске салсак, Алимжанов жогорку билим тууралуу дипломунун жараксыздыгына байланыштуу мандатынан ажыратылган.
Мамашова 36 жашта, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал эми Элдар Абакиров 43 жашта. Буга чейин экономика министринин орун басары болуп иштеп, президенттике ат салышкан.