“Тазалык” таштандыны туура эмес жерге төккөндөр менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө

“Тазалык” таштандыны туура эмес жерге төккөндөр менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө. Мэрия маалыматына ылайык, таштанды топтолгон жерлерге видеокөзөмөл камералары орнотулду.

 

Алар курулуш, тигүү цехтеринин калдыктарын таштагандарды аныктоого жардам берет. Эреже бузгандардын видеолору мэриянын муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп, анын негизинде айып салынат.

 

Таштанды челекке «жетпей калган» жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып каралган. Ал эми өндүрүштүк, өнөр жай таштандысы үчүн жеке жактар  7 миң 500 сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.