Бишкекте жылытуу мезгили башталды, бирок тариф кымбаттады

Бишкекте жылытуу мезгили башталды, бирок жылуулук үчүн төлөмдөр кымбаттады.

 

Жаңы тарифтерге ылайык, 2023-жылдын 1-июнунан тарта бир гигакалориянын баасы 10%га, башкача айтканда, калк үчүн 1 миң 248 сомго чейин кымбаттады.

 

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын эсептөөлөрүнө таянсак, аянты 35 чарчы метр бир бөлмөлүү батирдин ээлери үчүн жылуулук баасы жылына 407 сомго, ал эми аянты 81 чарчы метр 4 бөлмөлүү батирге 926 сомго жогорулайт.