Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген автобекет мамлекетке кайтарылды

Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдайт.

 

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө акционерлер автобекеттин мыйзамсыз менчиктештирилген фактысын таанып, баасы 117 млн сомдон ашык болгон аталган объектти жер тилкеси жана административдик имараты менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

 

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.