Кыргызстанда үч майрамды жумуш күнү деп жарыялоо сунушталды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, 23-февраль (Ата Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү) күндөрүн майрам бойдон калтырып, бирок иш күндөрү деп белгилөө сунушталууда.
Министрлик ошондой эле дем алыш күндөрүнө туш келген майрамдарды иш күндөрүнө жылдыруу тажрыйбасын жоюуну сунуштады.