Кыргызстанда чет элдиктер үчүн медициналык камсыздандыруу милдеттүү болот

ѕрививки от гриппа

Кыргызстанда чет элдиктер үчүн медициналык камсыздандыруу милдеттүү болот. Жогорку Кеңеш депутаттары мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

 

Белгилеп кетсек, учурда өлкө аймагына келгендер полисти ыктыярдуу негизде сатып алат. Андан тышкары, республика жарандары үчүн медициналык камсыздандыруунун баасы кымбаттайт.

 

Эгер буга чейин кыргызстандыктар бир жылга 150 сом төлөсө, эми тариф 1 миң 800 сомго теңелет. Мыйзам долбоорунун демилгечилери белгилешкендей, мындай чара акысыз медициналык кызматтарды алууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.