Токтогул суу сактагычында суу 12,8 млрд метр кубга жетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16-сентябрда 12 млрд 842 млн метр кубга жетти. Бул тууралуу «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Ага ылайык, бүгүнкү күнү суу чөйчөккө секундасына 333 метр куб суу агып кирсе, иштелген суунун көлөмү секундасына 199 метр кубду түзүп жатат.

Үч ай мурун, 16-июнда суу сактагычта 10,374 млрд метр куб суу болгон.

2023-жылы, 16-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,592 метр куб болгон.

Энергетика министрлиги быйыл жайкысын да керектөө чектен ашып, сууну иштетүү күч алганын белгилеп жатат.

Министр Таалайбек Ибраев 2-августтагы маалымат жыйында учурда бир сутка ичинде электр энергиясын колдонуу көлөмү саатына 40 миллион киловаттка жетип жатканын айткан. Ал элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, кышка сактоо зарылчылыгын эскерткен.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.

2007-2008-жылдары суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп каларын эскертишет.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар да куят.