Үч-Коргон ГЭСинде реконструкция иштери кызуу жүрүүдө

Үч-Коргон ГЭСинде реконструкция иштери кызуу жүрүүдө. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, 4-гидроагрегат ушул жылдын ноябрь айына чейин реконструкциядан  өтөт.

 

Анын жыйынтыгы менен станциянын кубаттуулугу көбөйтүлөт, учурда ал 180 мегватты түзөт. Ведомстводон кошумчалашкандай, Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.