Токтогул суу сактагычында суунун чыгышы анын киришине караганда 5 эсе көп болууда

Токтогул суу сактагычында суунун чыгышы анын киришине караганда 5 эсе көп болууда. Чыгышы – 723 куб болсо, суунун резервуарга кириши – 155 куб. Бул тууралуу “Электр станциялар” компаниясынан билдиришти.

 

Ал эми суу сактагычтагы нымдуулуктун жалпы көлөмү тууралуу айта турган болсок, учурда ал 11 миллиар 760 миллион кубту түзүп жатат.

 

Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 1 миллиардка көп.