Кыргыз-казак чек арасында транспорттун топтолуусу жок

Кыргыз-казак чек арасында транспорттун топтолуусу жок. Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, өткөрүү түйүндөрү кадимки тартипте иштеп жатат.

 

Жүргүнчүлөр, айдоочулар жана жүк ташуучулар тарабынан даттануулар катталган эмес. Чек ара аркылуу өтүүдө 1 адамга регламентке ылайык болжол менен  1 – 1,5 мүнөт талап кылынат. Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу, — дешти Чек ара кызматынан.