Токтогул сууга толууда. Учурда өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 12 миллиард 765 миллион кубометрге жетти

Токтогул сууга толууда. Учурда өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 12 миллиард 765 миллион кубометрге жетти. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, суунун агып кириши секундасына 388 куб метрди түзсө, ал эми агып чыккан суунун көлөмү – секундасына 148 кубометр.

 

Белгилеп кетсек, Токтогул Кыргызстандагы эң ири суу сактагыч, ал өлкөнү электр энергиясы менен камсыздаган негизги булак болуп саналат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.