Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Ак Кула” подстанциясын куруу пландалууда

Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Ак Кула” подстанциясын куруу пландалууда. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, курулуш иштери апрелде башталат.

 

Мэрия тарабынан “Ак Кула” ат майданынын жанынан жер тилкеси бөлүндү. Учурда инженердик-техникалык документация жүргүзүлүүдө. Подстанциянын кубаттуулугу 110 киловатт-саатты түзөт.