Трассалардагы авариянын алдын алуу үчүн буферлер орнотула баштады

Трассалардагы авариянын алдын алуу үчүн буферлер орнотула баштады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.

 

Ушул тушта Бишкек-Кара-Балта жолуна 50, Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна 100 даана соккуга каршы буферлер коюлуп жатат. Алар жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо үчүн орнотулууда.

 

Кум толтурулган атайын челектер ачык түстө болот, түнкүсүн дагы алыстан көрүнөт. Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул унаага келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат, — деп айтылат маалыматта.