Улуттук банк 31 миллион 500 миң доллар сатып алды

Улуттук банк 31 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси  ушуну менен жыл башынан бери 7-ирет интервенция өткөрүүдө.

 

Эске салсак, бул каржылык операция валюта серпилүүсүн токтотуу максатында жасалат. Соңку күндөрү доллардын куну солгундап, сомдун бекемделиши байкалууда.