Улуттук банк эми юандын сомго карата курсун да жарыялайт

Улуттук банк 1-сентябрдан тарта юандын сомго карата курсун күн сайын жарыялайт.

 

Мындай чечим валюталык операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктерди азайтуу, чет өлкөлүк валюталарды эсепке алуу процессин оптималдаштыруу, банктар аралык рынокту өнүктүрүү жана валюта базарындагы реалдуу рыноктук кырдаалды чагылдыруу максатында кабыл алынган.

 

Учурда юандын сомго карата курсу жумасына бир жолу аныкталат.

 

Улуттук банк күн сайын АКШ долларынын, евронун, орус рублинин жана казак теңгесинин курсун жарыялайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.