Кыргызстанга кытайлык компаниялар 2 миллиард 290 миллион доллар инвестициялайт.
Тиешелүү макулдашууларга жана меморандумдарга Кыргыз-Кытай бизнес форумунун жыйынтыгында кол коюлду, — деп билдиришти Инвестициялар боюнча мамлекеттик агенттиктен.
Маалыматка ылайык, документтердин арасында Алай районунда көмүр логистикалык борборунун, шамал электр станциясынын курулушу, ЖЭБдин эки блогун капиталдык оңдоо, Жалал-Абад облусунда көмүр кенин иштетүү жана дрондорду чогултуу боюнча заводдун курулушу бар.